Исаков өзүнө эки кеңешчи дайындады

Исаков өзүнө эки кеңешчи дайындады
8-Сен. 2017, Жума, 07:07

Юлия Калиниченко менен Бермет Турсункулова премьер-министрдин кеңешчилери болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешчи айымдардын бири 26 жашта. Борбор Азиядагы Америка Университетинин бүтүрүүчүсү, Будапешттеги Борбордук-Европа Университетинин Европа таануу жана Эл аралык мамилелер боюнча магистр даражасынын ээси.

Буга чейин ал Россиянын Москва шаарында «Институт отраслевого питания» АНО долбоорунун жетекчиси, КР Президенинин Мамлекеттик башкаруу академиясынын эл аралык байланыш жана уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысы жана Улуттук стратегиялык илим изилдөө институтунун координатору болуп иштеген.

Ошондой эле Борбор Азиядагы Амерка университетиндеги Тянь-Шань аналитикалык борборунун иликтөө долбоорунун координатору да болгон.

Англис, француз тилдеринде эркин сүйлөйт.

Бермет Турсункулова 41 жашта. Доцент жана саясат илимдеринин кандидаты илимий наамдарынын ээси. «Кыргыз Республикасында билим берүүнүн Отличниги».

Кыргыз Республикасындагы Эл аралык университетинин бүтүрүүчүсү. Будапешттеги Борбордук-Европа Университетинин магистр даражасынын ээси.

Буга чейин Борбор Азиядагы Амерка Университетиндеги академиялык маселелер боюнча вице-президенти, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, «Жарандык билим берүү долбоору – Борбор Азия жана Монголия» программасынын директорунун орун басары болуп иштеген.

Англис, француз, түрк жана венгер тилдеринде эркин сүйлөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!