Президенттин Нарындагы сапары уланууда

Президенттин Нарындагы сапары уланууда
8-Сен. 2017, Жума, 07:08

Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапары менен Нарын облусуна келди.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жумушчу сапардын алкагында президент бүгүн, 8-сентябрда мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ишке ашырылып жаткан «Арзан турак жай 2015-2020-жылдары» программасынын алкагында Нарын шаарында көп батирлүү үй курулчу жерге капсула салуу аземине катышат. Мындан сырткары Нарын облусунун активи жана коомчулугу менен жолугушмакчы.

Андан соң мамлекет башчысы Нарын облусунун Кочкор районундагы Чекилдек айылында жаңы мектептин ачылыш аземине катышып, Кочкор жана Жумгал райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушуу өткөрөт.

Белгилей кетсек, мамлекеттик ипотекалык компаниясы Кыргызстандын ар бир облусунда эконом класстагы үйлөрдү курууну баштаган. Алардын алгачкысы Нарын облусунда курулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!