Атамбаев АКШда бир нече эл аралык иш-чараларга катышат

Атамбаев АКШда бир нече эл аралык иш-чараларга катышат
19-Сен. 2017, Шейшемби, 09:56

Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын Нью-Йорк шаарында бириккен улуттар уюмунун 72-башкы ассамблеясынын сессиясына катышууда.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, президент Атамбаев башкы ассамблеянын жалпы дебатында сөз сүйлөйт. Дебат “Көңүлдү адамга буруу менен: жашоого жөндөмдүү планетада бардыгы үчүн тынчтыкты жана татыктуу турмушту камсыз кылууга умтулууда” деп аталат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүндө уран мурастары маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги атайын отурумга катышат. Бул иш чара Кыргыз Республикасынын, Европа союзунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын демилгеси боюнча өткөрүлүп, анда азыркы уран калдыктарынын проблемалары, аларды рекультивациялоо жана Кыргызстанда жалпы эле Борбордук Азия аймагында радиациялык коркунучтарга жол бербөө маселелери талкууланат.

БУУнун башкы ассамблеясына катышуунун алкагында президент Алмазбек Атамбаев БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушмакчы.

Мындан тышкары Атамбаев Нью-Йоркто үстүбүздөгү жылдын 10-11 июлунда Бишкек шаарында өткөн АКШнын соода миссиясынын Кыргызстанга жасаган алгачкы сапарынын алкагында өткөрүлгөн диалогду улантып, АКШнын ири трансулуттук компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!