ТИМ: Казакстанга нота жөнөтүлдү

ТИМ: Казакстанга нота жөнөтүлдү
20-Сен. 2017, Шаршемби, 13:37

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын тышкы саясий мекемесине нааразычылык нотасын жиберди.

ТИМдин маалымат департаменти тараткан билдирүүгө ылайык, расмий Бишкек президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусун өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү катары баалаган.

“Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпей турганы айтылганы менен анын сөзүнүн түпкүрүндө талапкерди колдоо тууралуу айтып жатат. Бул жолугушуудан соң казак тарапка нааразычылык нотасы жиберилди”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, күн мурда жергиликтүү жана казак ЖМКларында президенттикке талапкер өмүрбек Бабанов менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусу чагылдырылып, социалдык желелерде талкууга алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!