Исаковдун Россияга сапары башталды

Исаковдун Россияга сапары башталды
29-Сен. 2017, Жума, 09:49

Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн, 29-сентябрда Россияга эки күндүк расмий иш-сапары менен кетти.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлагадай, Исаков россиялык кесиптеши Дмитрий Медведев жана мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугаары айтылган.

Мындан сырткары «Сколково» инновациялык борбору, Москванын «Коопсуз шаар» долбоору менен таанышат.

Визиттин экинчи күнү Москвадагы «Кыргызстан» павильонунун абалы менен таанышып, кыргызстандык ишкерлер тарабынан түптөлгөн «Muras Clinic» медициналык борборунун ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен да жолугушмакчы.

Эскерте кетсек, 26 жылдан бери биринчи жолу кыргыз өкмөт башчы Россияга иш-сапары менен барууда. Исаков 28чи премьер-министр. Буга чейинки өкмөт башчылар мамлекеттик иш-сапарлары менен барган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!