Кворум жоктугунан ЖКнын жалпы жыйыны “өргүү” алды

Кворум жоктугунан ЖКнын жалпы жыйыны “өргүү” алды
29-Сен. 2017, Жума, 09:59

Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга президенттик шайлоодон кийин чогула турган болду.

Төрага Чыныбай Турсунбеков күн мурун болгон жыйында депутаттар аз катышканын жүйө келтирип, ушундай чечим кабыл алганын билдирди.

Бирок депутаттар тиешелүү комитет, фракциялардын жыйынында чогулуп турат.

Алтынчы чакырылыштагы депутаттардын жалпы саны 120. Алар аптасына эки ирет жалпы жыйынга чогулуп турууга тийиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!