Кыргызстан-Түркмөнстан: алакага чейрек кылым

Кыргызстан-Түркмөнстан: алакага чейрек кылым
11-Окт. 2017, Шаршемби, 10:19

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 25 жыл толду.

Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов бири-бирине куттуктоо телеграммаларын жолдошту.

Алмазбек Атамбаев чейрек кылым бою эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык ырааттуу өнүгүп келе жатканын белгилеген.

«Ишке ашырылган жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар кыргыз-түркмөн кызматташуусун мындан ары тереңдетүүгө бекем негиз болду”, -деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Өз кезегинде Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов дипломатиялык мамилелер орнотулган мезгилден бери тең укуктук, урматтоо жана ишеним принциптерине негизденген эки тараптуу бир туугандык байланыштар жана өз ара өнөктөштүк активдүү өнүккөндүгүн белгилеген. Аны менен бирге Түркмөнстан мындан ары дагы эки өлкөнүн ортосундагы көп тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө ниеттенүүдө деп билдирген.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык алака 1992-жылы Бишкекте Түркмөнстандын туруктуу өкүлчүлүгү ачылгандан тарта башталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!