Өкмөт башчы экономикалык кеңештин отурумуна катышты

Өкмөт башчы экономикалык кеңештин отурумуна катышты
12-Окт. 2017, Бейшемби, 12:07

Өкмөт башчы Сапар Исаков Сочи шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумуна катышты.

Кеңештин отуруму тар жана кеңири чөйрөдө өткөрүлдү. Анда Евразия экономикалык биримдигинин алкагында мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгынын өнүгүшү жана келечекке багытталган интеграцияны тереңдетүү боюнча маселелер каралды.

Мындан сырткары, Евразиялык мейкиндиктеги санариптик экономиканы жана санариптик рынокту өнүктүрүү жана коопсуздук системалары, санариптик тансформация тармактарындагы маселелер талкууланды.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумуна Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко, Армения президенти Серж Саргсян жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышты.

Отурумдун жыйынытыгында Кеңештин бир катар чечимдери кабыл алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!