КМШ саммити: келерки отурум Тажикстанда өтөт

КМШ саммити: келерки отурум Тажикстанда өтөт
12-Окт. 2017, Бейшемби, 12:17

КМШдагы мамлекет башчылардын кийинки саммити келерки жылы октябрда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтөрү кечээ, 11-октябрда Сочиде өткөн саммитте белгилүү болду.

Жыйында КМШ өлкөлөрү өз ара пайдалуу болгон жаңы ири долбоорлорду баштоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин айтылып, жыйынтыгында КМШ мамлекет башчыларынын кеңеши кирешелердин изин жашыруу, террорчулукту каржылоо, коррупцияга каршы күрөшүү тармагында кызматташуу боюнча концепцияны бекитти.

Мындан тышкары ондон ашык документке кол коюлду.

Аталган саммитке Кыргызстандан премьер-министр Сапар Исаков катышты.

Эскерте кетсек, саммиттин мурдагы отуруму ушул жылдын 14-апрелинде Бишкекте өткөн эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!