Шайлоо: “Айлампа” ыкмасына каршы бөгөт

Шайлоо: “Айлампа” ыкмасына каршы бөгөт
13-Окт. 2017, Жума, 15:20

Бүгүн, 13-октябрда болгон басма сөз жыйынында “Биздин салым” коомдук бирикмесинин өкүлү Канат Азис алдыдагы президенттик шайлоодо “айлампа” ыктымасын колдонуу мүмкүндүгүн айтып чыкты.

Ал өткөн шайлоодо Ош облусунун Ноокат районунда сегиз шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы купуя болгонун мисал келтирип, биометрика экинчи ирет добуш берүүгө тоскоол боло албашы ыктымалдыгын да жүйө келтирди.

Аталган коомдук бирикме шайлоодо бир жаран бир нече жолу добуш берүүсүнө бөгөт коюу үчүн шайлоочуну онлайн режиминде идентификациялоочу атайын программаны сунуштайт. Программа жарандын шайлоо участкасында экинчи ирет добуш бергенин фото жана видео түрүндө тааныйт.

“Программаны байкоочулар чөнтөк телефондоруна жүктөп алса болот”,-деди Канат Азис.

Жалпысы болуп 2 миң даана камера сатылып алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!