Атамбаев: “Чек ара ачылбаса, ЕАЭБдин жыйынын өткөрүүгө укугум бар”

Атамбаев: “Чек ара ачылбаса, ЕАЭБдин жыйынын өткөрүүгө укугум бар”
15-Окт. 2017, Жекшемби, 12:10

Шайлоодон кийин дагы кыргыз-казак чек арасындагы чыңалган абал улана берсе, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин башчыларын кезексиз жыйынга чакыра алат.

Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда президент Алмазбек Атамбаев борбор калаадагы №1209 участкалый шайлоо комиссиясында добуш бергенден кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчынын пикиринде кошуна өлкө чек арада түзүлгөн кырдаалды Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштырган.

Эгерде ушул жүйө туура болсо, буюрса шайлоо бүгүн аяктап, чек ара ачылат. "Эгерде чек ара ачылбаса биримдикке кирген мамлекеттин жетекчиси катары ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларын кезексиз жыйынга чогултканга укугум бар. Бул уставда көрсөтүлгөн”,-деди мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан баштап кыргыз-казак чек ара өткөрмө-бекеттеринде текшерүү узакка созулуп, жүк ташып бараткан унаалардын жана жай тургундардын узун кезеги пайда болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР