Атамбаев: "Кайра президент дагы, премьер-министр дагы болбойм"

 Атамбаев:
15-Окт. 2017, Жекшемби, 12:53

Мамлекет башчысы кызматтан кеткенден кийин чыгармачылык менен алектенет. Бул тууралуу өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн добушун бергенден кийин журналисттер менен болгон маегинде билдирди.

"Саясат менен чыгармачылыкты бирге алып барса болот. Бирок коркпогула, эч кандай кызмат орунду ээлебеймин. Кайра президент дагы, премьер-министр дагы болбойм. Мына акыркы жылы саясат менен бирге ыр жазып, музыка чыгарып келе жатам", - дейт Атамбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!