БШК: 16 миңге жакын добуш жараксыз деп табылды

БШК: 16 миңге жакын добуш жараксыз деп табылды
16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 10:34

Кечээ,15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо алдын ала маалымат боюнча 16 миңге жакын бюллетен жараксыз деп табылды.

Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жараксыз бюллетендерге актай, эки жерге белги коюлган.

Каттоодон өткөн 3 миллион 25 миңден ашык шайлоочунун 1 миллион 600 миңден көбү шайлоого келген. Пайыздык көрсөткүч менен эсептегенде жалпы шайлоочулардын 55,93 пайызды түздү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!