Ош шаары активдүү, Ош облусу пассивдүү болду

Ош шаары активдүү, Ош облусу пассивдүү болду
16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 10:59

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча шайлоочулар эң көп келген аймак болуп Ош шаары эсептелди.

Алдын ала маалыматтар боюнча шаар боюнча 67,57% шайлоочу катышты. Алардын көпчүлүгү түшкө чейин эле добуш берүүгө келишкен.

Ош шаары боюнча добуш берүүчү жарандардын жалпы саны 159 420, ал эми добуш бергендердин саны 107 675 болду. Жалпысынан 73 шайлоо участогу бар.

Ал эми шайлоочулардын сейрек келгени Ош облусунда (21%) болду. Ош облусунда 488 шайлоо участкасы ачылган. Шайлоочулардын такталгандан кийинки тизмеси 589 334 жаранды түзгөн. Жалал-Абад облусу (21,3%) болду. Бул облуста 426 шайлоо участкасы уюштурулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!