Жаңы президент болжол менен 4-декабрда ант берет

Жаңы президент болжол менен 4-декабрда ант берет
16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:13

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ өткөн президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыктарын жарыялоону улантууда. Бүгүн, 16-октябрь саат 9:47ге карата алынган маалыматка ылайык, талапкерлердин арасында Сооронбай Жээнбеков 52,76 пайыз менен алдыда.

Президенттик жана парламенттик шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, БШК шайлоо болгон күнү өткөндөн кийин 20 күн ичинде шайлоонун акыркы жыйынтыгын жарыялашы керек.

Шайланган талапкер шайлоонун расмий жыйынтыгынан соң 30 күндүн ичинде президенттикке киришүү салтанатында ант берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!