Чет өлкөдөгү 3 шайлоо тилкесинен добуштар келе элек

Чет өлкөдөгү 3 шайлоо тилкесинен добуштар келе элек
16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:28

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө ачылган 37 шайлоо участкасынын үчөөсүнөн добуштардын жыйынтыгы келе элек.

Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чет жердеги кыргызстандык шайлоочулардын 25,27 пайызы добуш берүүгө катышкан. Бул көрсөткүч 4695 кишини түзөт.

Россиянын Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург шаарларында, Японияда, Түштүк Кореяда, Кытайда, Малайзияда, Индияда, Пакистанда, Казакстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда шайлоо участоктору ачылган.

Алардын саны 18 миң 580 жаранды түзөт.

Жергиликтүү убакыт менен чет өлкөлөрдөгү убакыттын айырмачылыгына жана аралыкка байланыштуу добуштар 16-18-октябрь күндөрү келери айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!