Президенттер жаңы кесиптешин куттуктоодо

Президенттер жаңы кесиптешин куттуктоодо
17-Окт. 2017, Шейшемби, 09:49

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Сооронбай Жээнбековго куттуктоо жолдоду.

Путин куттуктоосунда Жээнбеков кадыры бийик экени, буга чейин бир топ маселелерди чечүүдөгү эмгеги бааланды деп сыпаттаган.

Аны менен бирге эки өлкөнүн ортосундагы мамилени бекемдөөгө кошкон салымын жогору баалаган.

Ага удаа Казастандын президенти Нурсултан Назарбаев да Жээнбековду президент болуп шайланышы менен куттуктады.

Кошуна өлкөнүн башчысы жаңы президенттин жетекчилиги алдында Кыргызстан өнүгүү жолуна түшүп, ийгиликтерге жетерине ишеним артарын билдирген. Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык мамиле мындан ары да улана берерин айткан.

Ушундай эле куттуктоону Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да жолдогон. Мирзиёев "Сиздин жеңиш бир тууган Кыргызстан элинин колдоосу болду. Сиздин программа элдин бакутбатчылыгы, мамлекеттин стабилдүүлүгү, өлкөнүн эл аралык аренада аброюнун жогорулашына байланышкан. Өзбекстан сиздин мамлекеттик кызматта такшалган ишмер катары баалап, эки өлкөнүн ортосундагы жылуу мамиле мындан ары да өнүгө берерине ишенет",-деп билдирген.

Эскерте кетсек, 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо бийлик тарабынан сунушталган талапкер Сооронбай Жээнбеков 1 миллионго жакын шайлоочулардын добушу менен жеңишке жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!