Атамбаев: “Эмоцияга алдырып, туура эмес кылгандырмын...”

Атамбаев: “Эмоцияга алдырып, туура эмес кылгандырмын...”
18-Окт. 2017, Шаршемби, 12:28

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тууралуу билдирүүсү боюнча учурдагы пикирин айтты.

Өлкө башчысы кошуна өлкөнүн президенти тууралуу сүйлөп жатып “балким эмоцияга алдырып, туура эмес кылгандырмын”,-деди.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн студенттерге президенттик стипендия берүү салтанатында билдирди.

Өлкө башчысы кошуна өлкөлөр менен жылуу мамиледе болуу керектигин белгилеп, буларга токтолду.

Балким мен казак президенти тууралуу эмоция менен айтып туура эмес кылгандырмын. Мен бул жөнүндө ушул күндөрү ойлондум. Казакстандын президенти өзүн тегеректеп тургандарга ишенет. Ал эми аны тегеректеп тургандар – бул олигархтар. Менимче ал дагы мага окшоп ишенчээктир. Олигархтар болсо Назарбаевден кийин эмне кылабыз, кантип акчабызды сактап калабыз деп гана ойлошот, - деди Атамбаев.

Белгилей кетсек, 10-октябрда кыргыз-казак чек арасында казак тарап күтүүсүз эле чек арадан өтүү процессин оорлотуп, натыйжада унаалардын жана жарандын узун кезеги пайда болгон. Эки өлкөнүн чек арасындагы чыңалган абал өзгөрүүсүз бойдон калууда.

Андан мурун президент Атамбаев президенттик шайлоого кошуна өлкөнүн башчысы кийлигишип жатат деген таризде казакстандык кесиптешин сындаган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!