Шайлоо: расмий жыйынтык ноябрдын башында чыгат

Шайлоо: расмий жыйынтык ноябрдын башында чыгат
19-Окт. 2017, Бейшемби, 14:14

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын 5-ноябрга чейин чыгарат.

БШКнын мүчөсү Назарали Арипов маалымдагандай, президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы добуш берүү бүткөндөн кийин 20 күндөн бир айга чейинки убакытта чыгарылышы керек. Бул келерки айдын бири же экисине туш келет.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин 30 күн ичинде жаңы президент кызматына киришет. Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 4-декабрда болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо КСДП партиясы тарабынан сунушталган Сооронбай Жээнбеков бир миллионго чукул шайлоочулардын добушун алган. Бул көрсөткүч жалпы добуш берүүчүлөрдүн 54 пайызын түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!