Кыргызстан-Өзбекстан: президенттер телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстан-Өзбекстан: президенттер телефон аркылуу сүйлөштү
20-Окт. 2017, Жума, 12:57

Күн мурун Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана ушул айдын башындагы кошуна өлкөгө болгон мамлекеттик сапар учурунда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

Телефондук баарлашууда өзбек лидери Кыргызстандагы президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен кесиптеши Алмазбек Атамбаевди куттуктап, Кыргызстанга өнүгүүнү каалаган.

Эки өлкөнүн ортосундагы “тоңуп турган” мамиле өткөн жылдын сентябрь айынан баштап жакшы нукка бурула баштаган. Ушул жылдын 5-6-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келип, эки өлкөнүн ортосундагы чек ара тууралуу өткөөл келишимге кол коюлган. Мындан сырткары бир нече жылдан бери жабык турган чек ара бекеттери ачылган.

Толук бир айдан кийин президент Алмазбек Атамбаев расмий Ташкентке мамлекеттик иш сапары менен барган. Анда эки өлкөнүн чек арасынын такталган бөлүгү тууралуу келишимге, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 12 макулдашууга кол коюлган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!