Атамбаев Путиндин кенешчисин кабыл алды

Атамбаев Путиндин кенешчисин кабыл алды
20-Окт. 2017, Жума, 13:04

Президент Алмазбек Атамбаев «ЕАЭБ шарттарында ишкерликти өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык проблемалары» эл аралык илимий-практикалык конференциясынын ишине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Россия президентинин кеңешчиси Сергей Глазьевди кабыл алды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө евразиялык экономикалык бирликтин ишмердигинин актуалдуу маселелерин талкууланды. Тактап айтканда, бирикменин катышуу-өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык интеграция процесстерин мындан ары өнүктүрүү, интеграциялык процесстердин бардык катышуучуларынын кызыкчылыктары үчүн айрым өлкөлөрдүн ортосунда өз ара соодада тоскоолдуктарды алып салуу боюнча биргелешкен чараларды кабыл алууга тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!