БШК биринчи жолу добуш берген жарандардын тизмесин жарыялады

БШК биринчи жолу добуш берген жарандардын тизмесин жарыялады
24-Окт. 2017, Шейшемби, 11:33

Борбордук шайлоо комиссиясы биринчи жолу 15-октябрда Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоого катышкан жарандардын тизмесин жарыялады.

БШКнын маалымат кызматы билдиргендей, тизме расмий www.shailoo.gov.kg сайтына жайгаштырылды.

Ал эми шайлоочулардын мөөр менен күбөлөндүргөн тизмеси же анын көчүрмөсү участкалык шайлоо комиссияларынын имаратынын кире беришиндеги такталарга илинди.

БШКнын маалыматы боюнча, президенттик шайлоого 1 млн. 692 миң 423 шайлоочу катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын 55,93 пайызын түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!