БШК сегиз шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнү жокко чыгарды

БШК сегиз шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнү жокко чыгарды
24-Окт. 2017, Шейшемби, 12:20

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоо боюнча бардык аймактык комиссияларынан протоколдорду кабыл алууну аяктады.

БШКнын маалымат кызматы билдиргендей, өлкө боюнча жалпы сегиз шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Жыйынтыгы жокко чыгарылган айрым шайлоо тилкелеринде бюллетендердин саны шайлоочулардын санынан ашып кеткен.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган аймактык шайлоо участкалары төмөнкүлөр:

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №2118, №2119 , №2120 , №2126 шайлоо участкалары;

Чүй облусунун Сокулук районундагы №7269 шайлоо участкасы;

Түркиянын Анкара шаарындагы №9036 участкасы;

Бишкектеги №2143 участкасы.

Айрым шайлоо тилкелериндеги бюллетендер менен шайлоочулардын ортосундагы айырма 600гө чейин болгон.

Буга чейин БШКдан маалымдашкандай, жокко чыгарылган добуш берүү жыйынтыгы жалпы шайлоонун жыйынтыгына таасир этпейт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!