Исаков казак премьер-министри менен Ереванда жолугушат

Исаков казак премьер-министри менен Ереванда жолугушат
24-Окт. 2017, Шейшемби, 12:28

Өкмөт башчы Сапар Исаков Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен Ереванда жолугушат.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуу Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынынын алкагында болот. Өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган кыргыз делегациясы Арменияга бүгүн, 24-октябрда түштөн кийин учуп кетери маалымдалды.

Белгилей кетсек, 18-октябрда Сапар Исаков расмий Астанага барып, казакстандык кесиптеши менен кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу сүйлөшкөн. Жыйынтыгында 10-октябрдан бери чыңалып турган кырдаал жеңилдеп, жеңил унаалар, жай тургундар, жүк ташуучу бош унаалар тоскоолдуксуз өтө баштаган.

Учурда эки өлкөнүн ортосундагы чек арада түзүлгөн кырдаал толугу менен чечиле элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!