Тиешелүү комитет Даир Кенекеевдин талапкерлигин колдоду

Тиешелүү комитет Даир Кенекеевдин талапкерлигин колдоду
24-Окт. 2017, Шейшемби, 12:34

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети өкмөттүн коргоо жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министрлигине сунушталып жактан Даир Кенекеевдин талапкерлигин жактырды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Кенекеев өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эки жылдай иштеген. Аны вице-премьер-министрлик кызматка өкмөт башчы Сапар Исаков сунуштаган.

Ал 7-октябрда жол кырсыгынан каза болгон мурдагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун ордуна сунушталып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!