Сапар Исаков Арменияга учуп кетти

Сапар Исаков Арменияга учуп кетти
24-Окт. 2017, Шейшемби, 16:29

Премьер-министр Сапар Исаков Армениянын борбору Ереван шаарына Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, иш сапар эки күнгө уланат.

Исаков бүгүн, 24-октябрда иш сапардын алкагында Казакстан жана Армениянын делегациялары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

ЕАЭБдин өкмөттөр аралык жыйыны эртең өтүп, анда 2018-2020-жылдары "Евразия жумалыгы" көргөзмө форумун өткөрүү маселеси каралат.

Мындан сырткары, ЕАЭБдин ичинде электр энергиясынын алкагында маалымат алмашуу системасын түзүү жана биримдиктин ичинде айыл-чарба өсүмдүктөрү боюнча маселелер талкууланат.

Сапар Исаков баштаган расмий делегациянын курамында биринчи вице-премьер Толкунбек Абдыгулов, Экономика министри Артем Новиков, Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнур Төралиева, өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Азамат Сулайманов, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов, өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Санжар Үмөталиев бар.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!