Турсунбеков төрагалык кызматын тапшырды

Турсунбеков төрагалык кызматын тапшырды
25-Окт. 2017, Шаршемби, 10:21

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында төрага Чыныбай Турсунбеков спикерлик кызматтан кеткенин расмий жарыялады.

Чыныбай Турсунбеков КСДП партиясын беш жыл жетектеп, төрага кызматын 1,5 жыл аркалаганын билдирди. Бул убакыт аралыгында төрага катары парламенттин иши жакшыртууга бир топ аракеттер жасалганын белгиледи.

“Саясат үчүн 7 жыл аз, ал эми 24 саат көп экен. Төраганын алдында Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊеш түзүлүп, ишкерлерди колдоо үчүн жакшы аянтча болду. Парламент чек-ара маселесинде активдүүлүгүн көрсөтүп, КМШ өлкөлөрүндөгү парламентаризмге үлгү болду”,-деди.

Ошондой эле ал Кыргызстан толук парламенттик мамлекет болуу үчүн конституциялык реформа болушу керектигин айтты. Өлкө парламентаризмди курууга жол алганын, бирок ал оңой эмес экенин кошумчалады.

Ал төрагалык кызматын тапшырганы менен депутаттык жана саясий ишмердүүлүгүн улантаарын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!