Сапар Исаков Ереванда казакстандык кесиптеши менен жолукту

Сапар Исаков Ереванда казакстандык кесиптеши менен жолукту
25-Окт. 2017, Шаршемби, 15:22

Бүгүн, 25-октябрда Арменияда Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары жолугушту.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда кыргыз-казак чек арасындагы чыңалган абалды жөнгө салуу боюнча иштелип жаткан “жол картасы” талкууланып, тиешелүү жетекчилерге документти аягына чыгаруу тапшырмасы берилди.

Ушул тапта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Армениянын борбору Ереванда өтүп жатат. Ага Кыргызстандан өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган расмий делегациялар катышууда.

“Жол картасы” 48 пункттан туруп, кыргыз-казак чек арасындагы маселелерди жөнгө салууга багытталган.

Белгилей кетсек, 18-октябрда Сапар Исаков расмий Астанага барып, казакстандык кесиптеши менен кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу сүйлөшкөн. Жыйынтыгында 10-октябрдан бери чыңалып турган кырдаал жеңилдеп, жеңил унаалар, жай тургундар, жүк ташуучу бош унаалар тоскоолдуксуз өтө баштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!