Дастанбек Жумабеков төрага болуп шайланды

Дастанбек Жумабеков төрага болуп шайланды
25-Окт. 2017, Шаршемби, 16:30

Жогорку Кеӊештин төрагасы болуп «Кыргызстан» фракциясынан Дастанбек Жумабеков шайланды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жумабеков менен бирге төрагалыкка «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Исхак Масалиевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, добуш берүү жыйынтыгында Дастанбек Жумабеков 80 добуш менен кыргыз парламентинин спикерлигине шайланды. Ал эми анын атаандашы депутат Исхак Масалиев 32 добушка ээ болду.

Бул тууралуу Жогорку Кеӊеш токтом кабыл алды.

Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Данияр Төлөнов жалпы депутаттардын атынан Дастанбек Жумабековду төрага болуп шайланышы менен куттуктап, анын жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Жогорку Кеӊештин жаӊы төрагасы Дастанбек Жумабеков чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирип, эл өкүлдөрүн журт кызыкчылыгын коргоо, калк көйгөйүн чечүү, кыргыз парламентинин аброюн арттыруу, өлкөнүн мыйзамдык базасын өркүндөтүү жаатында мындан ары да биргелешип иш алпарууга чакырды. Ал таза жана калыс иштеп,өз кесиптештеринин ишенимин актоого аракет жасай турганын кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!