Кенекеев кайсы тармакты тейлери белгилүү болду

Кенекеев кайсы тармакты тейлери белгилүү болду
31-Окт. 2017, Шейшемби, 09:50

Жакында эле вице-премьер-министр болуп дайындалган Даир Кенекеев өкмөттө айыл чарба жагын тескейт.

Бул тууралуу күн мурун өкмөттө өткөн жыйында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Кенекеев буга чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктүү өкүлү болуп иштеген.

Буга чейин Кенекеев өкмөттө экономика тармагын тескей турганы айтылган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!