Жаңы президенттин инаугурациясы 24-ноябрда өтөт

Жаңы президенттин инаугурациясы 24-ноябрда өтөт
1-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:55

Жаңыдан президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи 24-ноябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин 30 күн аралыгында жаңы президенттин инаугурациясы болушу керек.

Белгилей кетсек, 30-октябрда борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялаган. Ага ылайык, Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 54,22 пайыз добушу менен эгемен Кыргызстандын бешинчи президенти болду.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн. Анда жалпы 11 талапкер ат салышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!