Өзбекстан менен соода жүгүртүү көбөйтүлөт

Өзбекстан менен соода жүгүртүү көбөйтүлөт
3-Ноя. 2017, Жума, 09:51

Премьер-министр Сапар Исаков Өзбекстанга жасаган иш сапары учурунда өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушту.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактагы эки тараптуу кызматташтык, ошондой эле чек ара жаатындагы кызматташтык маселеси талкууланды.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов ушул жылдын январь айынан сентябрь айына чейин эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 193 млн. АКШ долларын түзгөндүгүн маалымдады. Бул көрсөткүчтү жылына 500 млн. АКШ долларына дейре жеткирүү зарылдыгын белгиледи. Буга өзбек тарап даяр экенин кошумчалады.

Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттер аралык соода жүгүртүүнү эки эсеге жогорулатуу эки тараптуу мамилелердин реалдуу көрсөткүчү жана келечекте аны өнүктүрүүнүн башталышы гана болуп эсептелерин белгиледи.

Тараптар ошондой эле транспорттук коридорлорду, анын ичинде «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун, эки өлкө ишкерлери ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Жыйынтыгында тараптар гуманитардык кызматташтык жана эки мамлекетте маданият күндөрүн өткөрүү маселесин карады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!