Ташкентте кыргыз-казак чек арасы тууралуу сөз болду

Ташкентте кыргыз-казак чек арасы тууралуу сөз болду
3-Ноя. 2017, Жума, 14:26

Бүгүн, 3-ноябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кеңейтилген жыйыны өтүп жатат.

Ага өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган Кыргызстандын делегациясы катышууда.

Жыйында премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча билдирип, мындан бир гана Кыргызстан эмес, үчүнчү өлкөлөрдүн жүк ташуучулары да жапа чегип жатканын белгиледи.

10-октябрдан тарта Казакстан чек арадан өткөндөргө текшерүүнү күчөткөн. Анын айынан жүк ташуучу бир унаанын өтүүсү 4-5 суткага созулуп, жүк ташуучу унаалардын бир нече чакырымга созулган узун кезеги пайда болгон. Кырдаал ушул тапта да өзгөрүусүз бойдон калууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!