Өзбек ТИМнин башчысы Атамбаев менен жолугушту

Өзбек ТИМнин башчысы Атамбаев менен жолугушту
6-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 11:44

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-өзбек мамилесиндеги маанилүү маселелер тууралуу сөз болуп, өлкө жетекчилеринин мамлекеттик иш сапарлары учурунда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу зарылчылыгын белгилешти.

Мындан сырткары, транспорт, туризм жана соода-экономикалык тармакта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен да жолугушкан.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-6-сентябрда Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келген. Маанилүу бул сапардан кийин эки өлкөнүн ортосунда көп жылдан бери жабык турган чек ара бекеттери ачылып, кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызы такталды. Толук бир айдан соң Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев расмий Ташкентке мамлекеттик иш сапары менен барган.

Бул жолку сапарда эки өлкөнүн ортосунда такталган чек ара тилкеси боюнча келишимге кол коюлган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!