Путин Атамбаевди маданий форумга чакырды

Путин Атамбаевди маданий форумга чакырды
9-Ноя. 2017, Бейшемби, 13:47

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, телефондук сүйлөшүүдө эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Аны менен бирге орус президент Путин кесиптеши Атамбаевди 17-ноябрда Санкт-Петербург шаарында өтө турган эл аралык маданий форумга чакырды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!