Жээнбековдун инаугурациясына канча сом коротулат?

Жээнбековдун инаугурациясына канча сом коротулат?
13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 14:55

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын өткөрүүгө 13,1 миллион сом коротулары пландалууда.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Министрдин айтымында, ант берүү аземин өткөрүүгө сарпталчу каражат 2017-жылдын бюджетинде каралган.

Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Ага чет мамлекеттен бир дагы конок чакырылбаганы буга чейин маалымдалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!