Президент Санкт-Петербургга учуп кетти

Президент Санкт-Петербургга учуп кетти
17-Ноя. 2017, Жума, 09:32

Бүгүн, 17-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, өлкө жетекчиси иш-сапар учурунда Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат.

Аны менен бирге VI Санкт-Петербург эл аралык маданий форумуна катышат.

Белгилей кетсек, 8-ноябрда эки өлкөнүн президенттери телефон аркылуу сүйлөшкөндө орус президенти Путин кесиптешин аталган маданий форумга катышууга чакырган.

24-ноябрда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков өлкө башчысы кызматына расмий киришет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!