Назарбаев: “Бир туугандык мамилени улантабыз”

Назарбаев: “Бир туугандык мамилени улантабыз”
18-Ноя. 2017, Ишемби, 10:51

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

Жаңы шайланган президенттин маалымат кызматы билдиргендей, кошуна өлкөнүн башчысы жолдогон куттуктоосунда эки элдин ортосундагы кылымдан бери келе жаткан жылуу мамилени чогуу улантуу ниетин билдирген.

Кыргызстандын бешинчи президенти Сооронбай Жээнбеков 16-ноябрда 59 жашка толду.

24-ноябрда президенттик кызматына расмий киришкени турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!