Абдыгулов вице премьер-министр болду

Абдыгулов вице премьер-министр болду
23-Ноя. 2017, Бейшемби, 10:14

Толкунбек Абдыгулов вице премьер-министр кызматына бекиди.

Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 22-ноябрда парламент жыйынында депутаттар аталган кызматка сунушталып жаткан Абдыгуловдун талапкерлигин жактырган.

Толкунбек Абдыгулов соңку үч айдан бери өкмөттө биринчи вице премьер-министр кызматын аркалап келген. Азыр ал мурдагы вице премьер министр Дүйшөнбек Зилалиаевдин ордуна келди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!