Бүгүн жаңы президенттин инаугурациясы болот

Бүгүн жаңы президенттин инаугурациясы болот
24-Ноя. 2017, Жума, 07:17

Бүгүн, 24-ноябрда Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү алдындагы инаугурациясы болот.

Иш-чара “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы “Энесай" кабыл алуулар үйүндө өткөрүлөт.

Салтанаттуу аземге 450 адам, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Баатырлары, коомчулуктун өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Салтанаттуу иш-чара саат 10до башталат.

Инаугурация аземи жаңы шайланган Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстан элине ант берүүсүн, ага Мамлекет башчысынын күбөлүгүн, төш белгисин жана штандартын тапшырууну камтыйт.

Президенттик кызматка киришүү аземи аяктагандан кийин Кыргызстандын борбору Бишкекте үч ирет артиллериялык залп атылат.

Андан кийин Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешитин имаратына багыт алышат. Ал жерде ардактуу кароолдун ротасы тизилип турат.

Андан кийин алар Мамлекет башчысынын жумушчу кабинетине барышат.

Инаугурация аземи өлкөнүн алдыңкы телеканалдарынын жана Интернет басылмаларда түз эфиринде көрсөтүлөт.

Бул күнү борборубуздун бир катар көчөлөрүндө транспорт кыймылына айрым чектөөлөр киргизилет.

Инаугурация өткөрүүгө кетчү чыгымдын сметасы 8 млн. 404 миң 248 сом өлчөмүндө бекитилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!