Сооронбай Жээнбеков ант берди

Сооронбай Жээнбеков ант берди
24-Ноя. 2017, Жума, 11:30

Ушул тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи өтүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жээнбековго президенттик күбөлүк, төш белги жана штандартты тапшырды.

Президенттик кызматына киришип жаткан Жээнбеков төмөнкү антты берди:

"Мен, Жээнбеков Сооронбай Шарипович, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришип жатып, Кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын адилеттүү ишке ашырууга, адамдын жана жарандын укуктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын так аткарууга, элибиздин биримдигин жана мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана коопсуздугун сактоого ант беремин".

Ант берүү аземине 450 конок чакырылган. Алар Кыргыз Республикасынын Баатырлары, өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!