Жээнбеков биринчи жарлыгы кандай болорун билдирди

Жээнбеков биринчи жарлыгы кандай болорун билдирди
24-Ноя. 2017, Жума, 12:57

Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы кызматына расмий киришүү салтанатында ант бергенден кийин сөз сүйлөдү.

Жэээнбеков мурдагы президенттин саясатын улантарын, Атамбаевдин эмгеги жогору бааларын билдирди.

"Кыргызстанда туруктуулуктун сакталышында, элибизге ак кызмат кылууда көрөгөчтүк, акылмандык менен иштеп бердиңиз. Сиз Кыргыз Эл Баатыры, "АК Шумкар" өзгөчө белгисине татыктуусуз. Буюрса, менин президенттик биринчи жарлыгым ушул болот",-деди Жээнбеков.

Кыргызстанда ушуну менен экинчи ирет президенттик бийлик тынчтык жолу менен алмашылды. 2011-жылы 1-декабрда Убактылуу өкмөттү башкарган президент Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!