Атамбаев аткарылбаган иштер үчүн кечирим сурады

Атамбаев аткарылбаган иштер үчүн кечирим сурады
24-Ноя. 2017, Жума, 13:04

Президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземинде экс-президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элинен кечирим сурады.

Ал айрым иштерди аягына чыгара албай калганына өкүнүп жатканын билдирди.

«Алты жыл мен үчүн кылымга тете убакыт блду. Алты жылдын үч жылында гана иштегенге мүмкүнчүлүк болду. Алдыга койгон пландарымды, берген убадаларымды аткара албадым. Ал үчүн кыргыз элинен кечирим сурайм»,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!