Инаугурациядан ирмемдер (фото)

Инаугурациядан ирмемдер (фото)
24-Ноя. 2017, Жума, 14:52

Бүгүн, 24-ноябрда Кыргызстандын бешинчи президенти Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматына расмий киришти.

Ант берүү аземине Кыргыз Республикасынын Баатырлары, өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болуп, жалпысы 450 киши чакырылган.

Иш-чара Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстан элине ант берүүсү, ага мамлекет башчысынын күбөлүгү, төш белгиси жана штандартын тапшыруу менен башталып, үч ирет артиллериялык залп атылды.

Андан ары мурдагы жана жаңы президенттер: Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин имаратына келишип, тизилген ардактуу кароолдун коштоосунда Улуттук гвардиянын командачысы Алмазбек Карасартов өлкөнүн президенти — башкы кол башчысы кызматына киришип жаткан Сооронбай Жээнбековго рапорт берди.

Инагурация учурунда президенттин фото сүрөтчүсү Султан Досалиев тарткан сүрөттөр топтомун сунуштайбыз.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!