Жээнбеков аппараты менен иш багытын аныктады

Жээнбеков аппараты менен иш багытын аныктады
25-Ноя. 2017, Ишемби, 11:09

Президенттик кызматына расмий киришкенден кийин Сооронбай Жээнбеков аппарат кызматкерлери менен биринчи жыйын өткөрдү.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жыйында тез арада ишке аша турган иш-чаралардын ырааты жана алдыдагы максаттар аныкталды.

Президент Жээнбеков биринчиден негизги багытты улантууну камсыздаган, экинчиден өлкөнүн баардык жашоо тармактарында түп-тамырынан реформа жүргүзүүнүн жаңы баскычын кепилдеген чараларды иштеп чыгуунун маанисин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында 2017-жылдын 15-ноябрында өткөрүлгөн Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында негиз катары кабыл алынган өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясын 2018-жылдын 15-февралына чейин иштеп чыгып, бүтүрүү керектигин эскертти.

Ал белгилегендей, 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук Стратегиясы келе жаткан жылдын февраль айынын аягында кабыл алынышы керек.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков жакын арада коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги багыттарын белгилеген Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүү тапшырмасын берди.

“Өлкөдө акыркы жылдары коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүрдү, ал өлкөнү коррупциялык көрүнүштөрдөн тазалоого бардык шарттарды түздү. Биз коррупцияга каршы күрөштү улантышыбыз керек”, - деп белгиледи Президент.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!