«Ачык өкмөт» уюмуна киребиз!

«Ачык өкмөт» уюмуна киребиз!
27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 15:16

Кыргыз өкмөтү “Ачык өкмөт” («Open Government Partnership») эл аралык уюмуна киргени жатат. Анын алкагында өкмөттө «Ачык маалыматтар» саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жана эл аралык демилгелер өнөктөштүгүнө кирүү боюнча жумушчу жыйын өттү.

Бул тууралуу өкмөттун маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы Сапар Исаков аталган долбоорду ишке ашуруунун маанилүүлүгүн белгилеп, «Ачык маалыматтар» саясатын ишке киргизүү «Таза Коом» улуттук программасын алга жылдыруунун маанилүү баскычы жана «Open Government Partnership» стратегиясынын жана иш-чараларынын бөлүгү катары саналаарын билдирди.

«Бул мезгил талабы болуп саналат. Кыргызстан нагыз демократиялык өлкө катары «Ачык маалыматтар» саясатын ишке киргизүүсү керек. Маалыматтарга карай жеткиликтүүлүк, ачыктык жана мамлекеттик органдардын отчеттуулугу бийликти элге жакындаштыруунун, калктын биздин ишибизге карата болгон ишенимдүүлүгүн жогорулатуунун негизги фактору болуп саналат. Сандык көрсөткүчтөр санариптик экономика жана жаңы форматтагы бизнес үчүн зарыл нерселер болуп саналат», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Торалиева белгилегендей, алгач аталган саясатты пилоттук режимде өлкөнүн сегиз министрлик жана ведомстволорунун базасында киргизүү пландаштырылууда.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов долбоор алкагында маалыматтык органдардын материалдарын жана архивин санарипке өткөрүү боюнча масштабдуу иш күтүлүп жатканын белгиледи.

Мамлекеттик каттоо кызматына 200дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ишке тартуу менен мамлекеттик органдардын архивдерин жана маалыматтарын санарипке өткөрүү боюнча уюштуруучулук жана финансылык маселелерди чечүү боюнча ишти тездетүү тапшырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!