Жээнбеков Белоруссияга барды

Жээнбеков Белоруссияга барды
30-Ноя. 2017, Бейшемби, 10:28

Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Белоруссияга барды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн ал Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун мааракелик сессиясына катышат.

Сессияда уюмга мүчө болуп кирген мамлекеттердин коопсуздугу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү сыяктуу жалпы 20дан ашуун маселе каралат.

ЖККУга Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө болуп кирген.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында уюмдун кезектеги жыйыны Кыргызстанда өткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!