Назарбаев: “Чек ара маселеси чечилет”

Назарбаев: “Чек ара маселеси чечилет”
1-Дек. 2017, Жума, 09:47

Президент Сооронбай Жээнбеков Белоруссиянын Минск шаарында өткөн ЖККУнун жыйынында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, президенттер эки тараптуу мамилелердин келечегин, анын ичинде кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.

Адегенде казак президенти Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Эки элдин ортосундагы бир туугандык, жакшы коңшулаштык мамилелер бекемделет деп баса белгиледи. Чек арадагы кырдаал боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп жаткан «жол картасын” кабыл алуу зарылчылыгын белгиледи. Жакын арада жумушчу топтор жолугушат.

Аталган картаны кабыл алганга чейин чек ара убактылуу ачык болоорун кошумчалады.
Андан тышкары чек арада Казакстан, Кыргызстан жана ЕАЭБ тарабынан көзөмөл коюу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Өз кезегинде Назарбаев кесиптешин расмий сапар менен Казакстанга келип кетүүгө чакырды.

“Биз Нурсултан Абишевич менен бардык маселелер туурасында сүйлөшүп, бир чечимге келдик. “Жол картасы” бар. Эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп жатат. Декабрь айы ичи бул багыттагы иштерди аягына чыгарабыз. Чек арага биргелешкен көзөмөл коёбуз. Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери чечилет”, -деди президент Жээнбеков.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасынан өтүүнүн оорлошу 10-октябрда башталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!