Тармактык комитет Шадиевдин талапкерлигин карап жатат

 Тармактык комитет Шадиевдин талапкерлигин карап жатат
5-Дек. 2017, Шейшемби, 11:13

Ушул тапта Жогорку Кеңештеги конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитети Аскар Шадиевдин биринчи вице-премьер-министр кызматына талапкерлигин карап жатат.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, Шадиевди биринчи вице-премьер-министр кызматына өкмөт башчы Сапар Исаков сунуштады.

Исаков болочоктогу орун басары тажрыйбалуу адис экенин жүйө келтирип, өкмөткө барса күйүүчү май, отун-энергетика комплекси боюнча иш алып барарын билдирди.

Аскар Шадиев Жогорку Кеңеште “Бир бол” фракциясынан депутат. 1-декабрда күчүнө кирген Баш мыйзамдагы берене боюнча эгерде парламент депутаты аткаруу бийлигине барса, ал мамлекетик кызматта иштөө менен бирге депутаттык мандатын да сактап кала алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!