Жолго ысым ыйгаруу мыйзамдуубу?

Жолго ысым ыйгаруу мыйзамдуубу?
7-Дек. 2017, Бейшемби, 09:51

Ушул тапта курулуп жаткан түндүк-түштүк альтернативдик жолуна экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ысымын ыйгаруу демилгесин Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев көтөрүп чыкты. Депутаттын бул билдирүүсүн коомчулук түрдүүчө кабыл алды.

Мурдараак Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Алмазбек Атамбаевге жогорку даражадагы Эл баатыры наамын берүүнү сунуштап, көп өтпөй эл өкүлүнүн бул сунушу президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан колдоого алынып, президент алгачкы жарлыгы менен Атамбаевге бул жогорку наамды ыйгарган.

Ал ортодо социалдык тармактарда ушул эле Атамбаевге эстелик тургузуу иедясы да көтөрүлүп, оң жана тескери пикирлерге жем таштаган.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев социалдык тармакта кан жолго Атамбаевдин ысымын берүү тууралуу пикирин билдирип чыкты.

"Жалал-Абад - Балыкчы" жолуна бирөөнүн ысмын ыйгаруудан мурда Жогорку Кеңештин депутаттары ал жолдун курулушун тыкат териштирип чыгууга милдеттүү, адегенде канча каражатка курулмак, азыр канча каражат жумшалды, дагы канча каражат керек болот, ал каражаттардын кайтарымы кандай болот, ошол каражаттардын пайдалануусу кандай болуп жатат, курулуш технологиясы кандай сакталууда, курулуш долбоору башында кандай эле азыр кандай, эмне себеп менен улам өзгөрүп бара жатат? деген толгон токой суроо жатат чети оюлбай... Бул жол атак-даңк алуунун эмес, аттиң деп жер чукуп отуруп калуунун жолу болушу дагы толук ыктымал, бул жагын да унуптайлы, жеке баамымда аяк жагы тумандап турат ушул иштин, ошондуктан жолдун толук бүтүшүн, анын ишке берилишин күтөлү”,-деген пикирин ортого салган.

Кубанычбек Жумалиев кыргыз саясатындагы “эски” ысымдардын бири. Ал тунгуч президент Аскар Акаевдин аспирант-шакирти болуп жүргөн. Ошол учурда бир катар мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалап, өкмөт башчы кызматына чейин жеткен.

Азыркы учрда иштеп турган Ош-Бишкек жолуна атаандаш катары түштүк менен түндүктү байланыштырчу жолдун курулушу 2014-жылдын апрелинде ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен башталган. Жаңы жол Жалал-Абад-Балыкчы каттамын ишке ашырат. Жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Жаңы жол салыштырмалуу 330 чакырымга кыска болот.

Атаандаш жолду курууга 855 млн. доллар каражат керектеле турганы белгилүү болуп, аны эл аралык донорлор берерли айтылган.

Ушул тапта жолдун экинчи фазасын куруу иштери уланууда. Жол толугу менен 2019-жылы ишке берилери пландалууда.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адамдын ысымын түбөлүккө калтыруу, аны көчө, жол, же болбосо ушул сыяктуу башка жерге ыйгаруу ошол инсандын көзү өткөндөн кийин 5 жылдан соң гана ишке ашырылат. Акыркы чечимди мамлекеттик комиссия чыгарат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!